• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Экономика министри Индиянын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Индиянын Кыргызстандагы элчиси Арун Кумар Чаттерджи менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Индиядан гранттык жардам көрсөтүү боюнча Кыргызстандын министрлер кабинети менен Индия өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколго кол коюлду.

Протокол Кыргызстанга социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган Индиянын гранттык жардамы аркылуу биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө көмөктөшөт.

Гранттык долбоорлор билим берүү, саламаттык сактоо, санариптештирүү жана айыл чарба сыяктуу тармактарга багытталышы пландалууда.

Индия тарап эки тараптуу мамилелердин деңгээлин жогору баалап, Кыргызстанда тиешелүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.

Тараптар ошондой эле өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана тыгыз кызматташууну улантуу ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий