• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Кепилдик фонду Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен кызматташат

Коом 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. "Кепилдик фонд" ААК менен Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосунда ишкердик субъекттери колдоо жаатында кызматташуу жөнүндө келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Кепилдик фондунан билдиришти.

Келишимге ылайык, тараптар күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда, кепилдик менен кредит берүү аркылуу ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүүгө ниеттенүүдө.

Документке “Кепилдик фонд” ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров жана Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Алмаз Мамбетов кол коюшту.

Келишимге кол коюу аземинин жүрүшүндө тараптар кызматташуу эки каржы институтуна тең өлкөнүн бизнесин колдоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачарына ишенимин билдиришти. Алардын негизги багыттары – биринчи кезекте экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишкерлер.

Бүгүнкү күндө "Кепилдик фонд" ААКтын 25 өнөктөшүнүн арасында Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен бирге: 3 микрофинансылык компания, 1 микрокредиттик компания, 18 банк, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду бар.

Пикир

Оставить комментарий