• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кепилдик фонду кой чарбасы боюнча жаңы программа иштеп чыкты

Экономика 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. "Кепилдик фонду" ААКсы кой чарбасы боюнча жаңы программа иштеп чыкты. Фонддун төрагасы Малик Абакиров "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында аталган программа тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө койлордун саны 6 млн 168 миңге жетет. Фонддун программасы боюнча Кыргызстанда койлордун саны 2023-жылга 7,5 миллонго чейин көбөйөт.

Абакиров белгилегендей, программа боюнча койлор короодо кармап багылат.

"Ал үчүн жем кору болушу керек, зооветеринардык кызмат жакшырышы зарыл. Жем үчүн буудай, арпа жана жүгөрү кайра иштетилет. Ал сиңимдүү болот. Маселен, жөнөкөй жем берүүдө кой 100 күндө салмак кошсо, биздин ыкма боюнча 80 күн кетет. Ошол эле учурда ал эч кандай химиялык кошумчалары жок, бардыгы табигый болот", - деди ал.

Ал, Чүй облусунда бир фермер бул программаны колдонуп жатканын айтып өттү.

"Фермер 15 сотук жерде 500 кой кармайт. Эгер биз мал башын 30 миллонго чейин көбөйтсөк, ага болгону 9 миң гектар жер жетет. Бул бизге жайыттарды сактоого жардам берет", - деп белгиледи Абакиров.

Пикир

Оставить комментарий