• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

МСК: Уюмдар ички эсепке алуу системасын STI-161 отчеттун формасынын эсебине ылайык келтириши зарыл

Экономика 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Уюмдар ички эсепке алуу системасын STI-161 отчеттун формасынын эсебине ылайык келтириши зарыл. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акыркы мезгилде ишкер субъекттерден социалдык тармактар аркылуу жана Маалымат-борборуна STI-161 формасында отчет берүүдө мүчүлүштүктөр болуп жаткандыгы тууралуу арыздар түшүүдө.

Мамлекеттик салык кызматы отчетторду кабыл алуу боюнча салык системасы жана анын функциялары үзгүлтүксүз иштеп жаткандыгын билдирет. Уюмдардын 061 формасында отчет берүүдөгү көйгөйү – алар колдонгон программалардын дал келбестиги.

Алсак, жаңы Салык кодексинин кабыл алынышына жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө" нускамага түзөтүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу STI-161 бирдиктүү формасын толтуруу боюнча электрондук сервис жеткире иштелип чыккан.

Салык төлөөчүлөрдө киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетту STI-161 бирдиктүү формада берүүдөгү кыйынчылыктар, субъекттер отчетту түзүүдө STI-161 формасында колдонулуучу киреше салыгын жана социалдык төлөмдөрдү эсептөө алгоритмдерин камтыбаган бухгалтердик эсептин ар кандай программаларын колдонушуп жаткандыгынын себебинен пайда болууда.

Демек, отчетту даярдоодо субъекттер уюмдун ички эсепке алуу системасын (1С же башка программалар) жаңы эсептөөгө ылайык келтириши керек же отчетту www.salyk.kg сайтында жайгаштырылган STI-161 формасын толтуруу боюнча жардамчыга жүктөп, жана аны жардамчынын ичиндеги талаптарга шайкештигин текшерүү керек.

117-уячада Социалдык фонддун каттоо номери жок болгон учурда, socfond.kg/ru/support шилтеме боюнча текшерүүдөн өтүп, каттоо номеринин бар экендигин жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча ыйгарылган тарифтин тууралыгын текшерүү зарыл.

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү отчетту түзүүдө ката кетирбөө үчүн МСКнын www.sti.gov.kg сайтында же расмий Youtube-каналында жарыяланган киреше салыгы, камсыздандыруу төгүмдөрү жана эмгек мамилелери боюнча отчетту толтурууга карата нускамалар жана видео сабактар менен таанышууга чакырат.

Эске салсак, бардык салык төлөөчүлө, анын ичинде чакан, орто ишкердик субъекттери жана коммерциялык эмес уюмдар 2022-жылдын 1-январындагы отчеттук мезгилден баштап киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетторду ай сайын FORM STI-161 бирдиктүү форма боюнча берүүлөрү керек.

Салык кодексине ылайык, салык агенти киреше салыгы боюнча отчетту ай сайын 20сынан кечиктирбестен аны төлөгөн жери боюнча салык органына берүүгө милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий