• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

КЭР төрагасы Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 21.03.23. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Өткөн жылдын сентябрь айында Самаркандда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин алкагында терең жана достук пикир алышуу болуп, кытай-кыргыз мамилелери жана эки өлкөнүн ар түрдүү тармактардагы кызматташуусу боюнча маанилүү консенсуска жетишип, ал эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн план түзүлгөн», - деп айтылат жолдонгон куттуктоодо.

КЭР төрагасы кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгилеп, Садыр Жапаровдун ушул жылдын май айында өтө турган биринчи “Кытай - Борбор Азия” саммитине катышуусунун, ошондой эле Кыргызстандын президентинин Кытайга пландаштырылган мамлекеттик сапарынын алкагында маанилүү сүйлөшүүлөргө даяр экенин белгиледи.

Си Цзиньпин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бардык баштаган иштерине жакшылык, ал эми дос Кыргызстан элине бакыт жана тынчтык каалады.

Пикир

Оставить комментарий