• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Министр Айдарбеков БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Күн мурун БУУнун башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө бүткүл дүйнөлүк уюмдун жана эл аралык мамилелердин учурдагы күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болгон.

Министр Айдарбеков Кыргызстан БУУну реформалоо боюнча, Туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилетүүдө, учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө башкы катчыны колдоорун белгиледи.

"Министр дүйнөдө анын ичинде Кыргызстанда Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө багытталган ар кандай программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу чөйрөсүндө БУУнун ишине оң баа берди жана Кыргыз Республикасынын жетекчилиги тарабынан бардык багыттар боюнча өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн бир катар улуттук деңгээлдеги стратегиялык документтери кабыл алынгандыгын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Тараптар курчап турган чөйрөнү коргоого жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтууга, терроризмге жана экстремизмге, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган ар кандай долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу маселелерин, ошондой эле Борбордук Азияда регионалдык кызматташууну күчөтүү, анын ичинде радиоактивдүү калдыктар көйгөйүн чечүү жана суу ресурстарын колдонуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий