• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте кыргыз-француз саясий консультациялары болуп өттү

Саясат 0

Бишкек, 10.05.23./Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин ортосунда кыргыз-француз саясий консультациялары болуп өттү, деп билдирет КР ТИМдин маалымат кызматы.

Кыргыз делегациясын КР Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү саясий департаментинин директору Бакыт Жусупов, француз делегациясын Франциянын Тышкы иштер министрлигинин Континенталдык Европа департаментинин директорунун орун басары Сильвен Гиоге жетектешти.

Консультациялардын жүрүшүндө маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык талкууланды. Тараптар бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара визиттерди уюштуруу аркылуу эки тараптуу саясий диалогду өнүктүрүүгө өз ара ниеттерин ырасташты.

Пикир алмашуунун жүрүшүндө экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, 2023-жылы бизнес-форумду уюштуруу, ошондой эле Кыргызстан менен Франциянын ортосунда энергетика, туризм жана суу чарба тармагында кызматташтыкты түзүү боюнча биргелешкен иштердин зарылдыгы белгиленди.

Борбордук Азиянын алкагындагы өз ара аракеттенүү, ошондой эле ЕБ аркылуу кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар БУУ, ЕККУ жана ЮНЕСКО сыяктуу эл аралык структураларда тышкы саясий тыгыз координациялоону улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн бардык спектри боюнча ачык жана өз ара урматтоого негизделген диалогду улантуу ниетин тастыкташты.

Пикир

Оставить комментарий