• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Президент жергиликтүү соттордун түзүмүн жана судьялардын штаттык санын бекитүү жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 10.05.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров “КРнын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 6-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү сотторунун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 4-июнундагы № 59 мыйзамы менен судьялардын штаттык саны төмөнкү административдик соттордо: Бишкек шаары - сегизден үч орунга чейин, Чүй облусу - бештен экиге, Ош облусу - үчтөн экиге, Жалал-Абад облусу - үчтөн экиге чейин кыскартылган.

Кабыл алынган мыйзамда аталган мыйзамга өзгөртүүлөр - Бишкек шаарынын, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын Административдик сотторунун судьяларынын штаттык санын жалпы юрисдикциядагы соттордогу судьялардын штаттык санынын кыскарышынын эсебинен көбөйтүү, төмөндөгүдөй тартипте каралган:

1) Бишкек шаарынын административдик соту 3 штаттык бирдиктен 5 штаттык бирдикке чейин көбөйтүлүп, анын карамагына Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондук сотторунан 2 штаттык бирдик берилген;

2) Чүй облусунун административдик соту 2 штаттык бирдиктен 4 штаттык бирдикке чейин көбөйтүлүп, аталган облустун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондук сотторунан 1 штаттык бирдиктен берилген;

3) Ош облусунун административдик соту 2 штаттык бирдиктен 3 штаттык бирдикке чейин көбөйтүлүп, аталган облустун Кара-Суу райондук сотунан 1 штаттык бирдик берилген;

4) Жалал-Абад облусунун административдик соту 2 штаттык бирдиктен 3 штаттык бирдикке чейин көбөйтүлүп, аталган облустун Базар-Коргон райондук сотунан 1 штаттык бирдик берилген.

Пикир

Оставить комментарий