• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Керчтеги кол салуу: Жабыркагандардын саны өсүүдө

Дүйнө 0

Бишкек, 18.10.18 /Кабар/. Керч шаарындагы колледжде болгон ок атуу жана жарылуудан жабыркаган адамдардын саны жыйырмага жетти. Бул тууралуу шаар башкармалыгынын башчысынын орун басары Дилявер Мельгазиев ТАСС агенттигине билдирген.

“20 адам каза болду. Кырсык болгон жерден дагы бир адамдын жансыз денеси табылгандыктан, акыркы өлүк ташуучу унаа моргго үч эмес төрт адамдын сөөгүн алып келген”, - дейт Дилявер Мельгазиев.

Буга чейин ок атуу жана жардыруу уюштурган адам менен кошуп 19 адам каза болгондугу айтылып келген.

Эскерте кетсек, шаршемби күнү Керчи жарым аралында жайгашкан политехникалых колледждин студенти ок атуу жана жардыруу уюштуруп, акырында өзүн-өзү өлтүргөн. Каза болгондордон тышкары 50дөй адам жабыркап, анын 10ну оор абалда орукананын жандандыруу бөлүмүндө жатышат.

Бул кылмыш иши башында мүнөздөлгөндөй Кылмыш кодекстин “теракт” беренесинен, “адам өлтүрүү” беренесине алмаштырылган.

Крым жарым аралында бүгүнкү күндөн баштап үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий