Вице-премьер-министр ККП БК саясий партиясынын мүчөсү Ван Чэнь менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кытай коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий партиясынын мүчөсү, КЭР Жалпы кытай эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Ван Чэнь менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Кыргыз делегациясын кабыл алуусунда Ван Чэнь Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүп жатканын өзгөчө белгиледи.

«Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сапар менен Кытайга келген, бул биздин кызматтатыкты өнүктүрүүнүн жаңы этабына жол ачты» - деп белгиледи Ван Чэнь.

Кытай тарап Кыргызстанга достук мамилеси жана кытай тарап үчүн абдан маанилүү маселелерди чечүүдөгү ар дайымкы колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде Алтынай Өмүрбекова Кыргызстан үчүн Кытай кең пейил кошуна, маанилүү жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөш экендигин белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын өлкө башчысынын мамлекеттик сапарынын алкагында тараптар кыргыз-кытай мамилелери бардык тармактар боюнча стратегиялык өнөктөш деңгээлинде экендигин, ошол эле учурда өз ара кызматташуунун тарыхында жаны барак ачылды. Биз сүйлөшүүлөрдү улантууга жана жана эки элдин бакубаттуулугу үчүн өз ара пайдалуу кызматташтыкка даярбыз»,- деп билдирди ал.

Туризм тармагында кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен Ван Чэнь Кыргызстан Борбордук Азиядагы табияты кооз керемет өлкө экендигин жана туризм чөйрөсүндө чоң потенциалга ээ экендигин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Жолугушуу Пекин шаарында өтүп жаткан бешинчи Бүткүл Дүйнөлүк маданий «Тайху» форумуна кыргыз делегациясынын катышуусунун алкагында болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий