Кесиптик-техникалык билим берүү тармагындагы кыргыз-герман кызматташтыгы талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 20.06.23./Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Гессен федералдык аймагынын билим берүү министри Александр Лортс менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу 16-июнда Виезбаден шаарында өтүп, анда негизинен Кыргызстан менен Гессен федералдык аймагынын ортосунда билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды.

Ошондой эле тараптар кесиптик-техникалык билим берүү тармагындагы кыргыз-герман кызматташтыгына өзгөчө көңүл бурушту.

Министр А.Лорц Гессен федералдык аймагынын квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп, кесиптик-техникалык окуу жайлардын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча Кыргызстан менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Тараптар кесиптик-техникалык билим берүү тармагында кызматташууну улантууну жана аны натыйжасында тийиштүү макулдашууга кол коюуну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий