Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Кыргыз футбол биримдиги футболдогу жетишкендиктер үчүн индивидуалдуу сыйлыктарды тапшыруу аземин өткөрөт.
Биримдиктен билдиришкендей, KFU Football Awards - өткөн сезондун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын футбол тармагындагы эң мыктыларын сыйлоо аземи.
Салтанаттуу азем 10-декабрда орун алат. Аземди Кыргыз Спорт ТВ каналы түз алып берет.
Сыйлыктар төмөнкү категориялар боюнча өз ээлерин табат:
- Кыргыз Республикасынын мыкты оюнчусу;
- Кыз-келиндер футболунун мыкты оюнчусу;
- Футзалдын мыкты оюнчусу;
- Футболдун мыкты жаш оюнчусу;
- Футболдун мыкты машыктыруучусу;
- Кыз-келиндер футболунун мыкты машыктыруучусу;
- Футзалдын мыкты машыктыруучусу;
- Футболдун мыкты калысы;
- Футзалдын мыкты калысы;
- Мыкты спорттук уюм;
- Мыкты регионалдык ассоциация;
- Мыкты футбол клубу.
Белгилей кетсек, "Кыз-келиндер футболунун мыкты машыктыруучусу" номинациясы бул жылы жаңы түзүлдү.
Ар бир сыйлыкка болгон талапкерлердин тизмеси кошумча жарыяланат.
Пикир
Оставить комментарий