• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык спортчулар таэквон-до ITF боюнча дүйнө биринчилигинде 9 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Италияда өткөн таэквон-до ITF боюнча дүйнө биринчилигинде 9 медалга ээ болушту. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Айбек Бакасов билдирди.

Мелдеш 25-27-октябрда Италиянын Маракалагонис шаарында өткөн.

Таэквон-до ITF боюнча дүйнө биринчилигине Кыргызстандын атынан Куттубек Мияров жана Баястан Баргыбаев катышкан. Кыргызстандын куржунунда үч алтын, эки күмүш жана эки коло медаль бар.

Куттубек Мияров 60 кг чейинки салмакта беттешип алтын медалды жеңген. Аны менен бирге "тули" (жалгыз мушташуу) түрүнөн күмүш жана атайын техникадан (бийиктикке секирип тебүү) коло медалга ээ болгон. Баястан Баргыбаев 85 кг чейинки салмакта беттешип алтын медалды уткан. Ошондой эле күч менен буюмдарды сындырууда күмүш медалды тагынган.

Спортчулар командалык көрсөткүчтө эки медалды багындырышкан. Командалык беттеште алтын, командалык атайын техникада коло байгени тагынышкан.

Таэквон-до ITF федерациясынын президенти Керимбек Мияровдун айтымында, кыргыз спортчуларына кыргыз диаспорасы колдоо көрсөткөн.

"Мелдеш Италиянын Сардиния аралында болду. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги бизди каржылады. Сардинияга барганда Кыргызстандын Италиядагы диаспорасы тосуп алды. Аябай чоң жардам көрсөттү. Калыбек Акилов жана Эльмира Ногоева ыраазычылык билдиргим келет. Спортчуларга колдон келген жардамын беришти", - дейт Мияров.

Керимбек Мияров белгилегендей, эмдиги жылы өтө турган президенттин кубогуна жеңип келген эки спортчу даярдана баштаган.

Таэквон-до ITF федерациясынын президенти аталган биринчиликке катышууга түндүк аймактан бир спортчу түштүк аймактан бир спортчу тандап алганын белгилеп өттү.

Мелдеште алтын медалдын ээси Баястан Баргыбаев таэквон-до биринчилигине кантип катышып калгандыгы туурасында айтып берди.

"Таэквон-до спорту менен 13 жылдан бери машыгып келем. 11 жашымда Ош шаарында баштагам. Дүйнө биринчилигине катышам деп Бишкекке келип, Виталий Олейниченконун колунда 3 ай даярдандым. Биздин максат байгелүү орундарга илинүү болду. Мен 4 медаль утуп алдым", - деди ал.

Белгилей кетсек, мелдешке 43 өлкөдөн 700гө жакын спортчу катышкан.

Пикир

Оставить комментарий