• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Президент: Усубалиевдин учурунда дээрлик баардык чөйрөдө „өнүгүүнүн керемети“ орун алды

Президент 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Турдакун Усубалиевдин учурунда, биздин республикада — айыл чарбада, өнөр-жайда, энергетикада, саламаттыкты сактоодо, билимде, маданиятта — дээрлик баардык чөйрөдө „өнүгүүнүн керемети“ орун алды. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналган Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Анын айтуусунда, өлкөбүздүн экономикалык гана эмес, кеңири масштабдуу өнүгүүсүнүн өзгөчө доору болгон деп бааласак жарашат. Бул — абдан сейрек кездешчү, уникалдуу тарых десек болот.

"Сөзүбүз куру болбош үчүн айрым гана фактыларды келтирейин. Аталган мезгилде республикабызда өнөр жай тармагы калыптанды, гидроэлектростанциялар, заводдор, фабрикалар, жеӊил өнөр жай ишканалары курулду. Жалпы Борбордук Азияга мааниси чоң — Токтогул ГЭСи, Күрпсай, Ташкөмүр, Шамалдысай, Үч-Коргон ГЭСтери пайдаланууга берилди. Республиканын территориялык бүтүндүгүнө таасири чоң — Ош-Фрунзе жолунун курулушу аяктады. Жамбыл–Талас-Суусамыр, Ош-Сарыташ-Карамык жолдору курулду. Ошол жылдары „Манас“ эл аралык аэропорту, „Ала-Тоо“ аянты, Улуттук филармония, Кыргыз драма театры, Орус драма театры, Өкмөт үйү, Илимдер академиясы, Борбордук китепкана, Тарых музейи, Борбордук цирк, коопсуздук жана коргонуу органдарынын имараттары курулуп, ишке киргизилгенин — бүгүн ушул жерде олтургандардын көпчүлүгү билебиз", - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Турдакун Усубалиевич ушул жана башка курулуштарды долбоорлоо, каржылоо жана сапаттуу куруу үчүн жеке камкордук көрүп, тикелей көзөмөл кылган, деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий