• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Ханафийлик жана матуридийликти илимий өнүктүрүү зарыл – муфтий Абдулазиз Закиров

Коом 0

Ташкент, 18.10.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Орто Азиядагы ынтымактын символдору болгон ханафийлик жана матуридийлик мазхабтарын илимий жактан өнүктүрүүнү колго алуу өтө олуттуу маселе. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ташкентте өткөн “Ислам – тынчтыктын жана эркиндиктин дини” аттуу эл аралык конференциясынын алкагында “Кабар” агентигинин кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Азирети муфтийдин айтымында, Куран жана сүннөткө негизделген, Мухаммед Алейхис саламдан ушул күнгө чейин келген, Орто Азия элдеринин салттары менен жуурулушкан жашоо маданиятынын калыптануусунун өзөгү болгон диний көз карашка салттуу Ислам дини деп, ата-бабаларыбыз аяр мамиле кылуу менен анын баалуулуктарын көздүн карегиндей сактап келишкен. Так ошол ислам баалуулуктарынын калыптанышында жана сакталышында ханафилик жана матуридиликтин ролу эбегейсиз болгон. Алар Акыйда жана Фыкхка байланыштуу диний көз караштарын иштеп чыгып, системага салып, талаш-тартыштуу маселелерди куран-сүннөт жана акыл-эс менен кылдат карап, аларга чекит коюп, Орто Азия элдеринин ынтымакта жашоосуна өтө чоң салымын кошкон.
“Ханафий жана матуридий аалымдары бири-биринин эмгектерин изилдеп, Ислам дининин баалуулуктары болгон Куран менен сүннөттүн көз карашына шайкеш келтире, баалуу чыгармаларды жазып, аларды окутуп, жайылтууга аракет кылышкан.

Имам Матуриди фыкх жана акыйдага байланыштуу маселелерди чечип жатканда акыл менен накылдын (Куран жана Хадис) элегинен өткөрүп, ханафийликтеги көз карашты да эске алып, тең салмактуулуктун принциптерин сактоо ыкмасын колдонууга, тагыраак айтканда, жергиликтүү элдин менталитетин, жашоо-турмушун жана маданиятын эске алууга чоң маани бергени да анын канчалык даанышман аалым экендигин айгинелеп турат”, дейт Азирети муфтий.

Суубатташыбыз Имам Матуридийдин Абу Ханифанын көз караштарын сый урмат менен кылдат караганы, талаштуу маселелерди акыл менен накылдын элегинен өткөрүп, салттуу Ислам динин баалуулуктарынын Орто Азия элдеринин менталитети, маданияты, жашоо таризи жана чыгармачылыгы менен жуурулушуп, ынтымактуу чөйрөнүн пайда болушуна чоң өбөлгө болгонун өзгөчө белгиледи. Муфтий Абдулазиз кары Закировдун айтымында, акыйда менен фыкх бири-бирин толуктап турган бир бүтүндүн ажырагыс эки тарабы болгон түшүнүк сыяктуу матуридий жана ханафийлик да эки бөлүнгүс бири-бирин толуктап турган эки мазхабдын аты, бири ыйман, экинчиси фыкх.

“Имам Сарахси, Махмуд Кашкари сыңарындай залкар аалым-илимпоздор да бул эки мектептин окуучулары сыяктуу. Бүгүнкү күндө да Орто Азия элдеринин илмихал китеби болгон Фыкхка жана акыйда билимине тийешелүү маалыматтарды камтыган жана заманбап окуу жайларыбызда студенттерге окутулуп жаткан Мухтасаруль Викоя китеби да Ханафиликке жана Матуридиликке негизделип жазылып чыккан”, деп баса белгиледи маектешибиз.

Сөзүнүн соӊунда Азирети муфтий ханафиликке жана матуридиликке негизделген китептерди студенттерге көбүрөөк окутуу менен, жана ошондой эле өз ара алакаларды бекемдөө менен топторго, жамааттарга бөлүнбөстөн Орто Азиядагы ынтымактын символдору болгон ханафийлик жана матуридийлик мазхабтарын тең бирге илимий жактан өнүктүрүүнү колго алууну конференция катышуучуларына сунуштаганын айтты.

“Тажрыйбаларыбызды тең бөлүшүп, бул эки мазхабка байланыштуу салттуу чыгармалык эмгектерди Орто Азия тилдерине которууну колго алуу өтө маанилүү деп эсептейм”, деп маегибизди жыйынтыктады Азирети муфтий Абдулазиз кары Закиров.

Пикир

Оставить комментарий