Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги, ЮНИСЕФ балдарды жана бала бакчалардын тарбиячыларын "Таза аалам" спектаклине чакырат.
Ведомстводон маалымдашкандай, Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 19-июндан 4-июлга чейин республиканын 7 облусунун 14 маданият үйүндө жаш көрүүчүлөргө спектакль көрсөтөт.
Спектаклди көрсөтүү “Коронавирустун алдын алуу, балдар үчүн санитария жана гигиенаны жайылтуу” долбоорунун алкагында ЮНИСЕФтин жана Жапония өкмөтүнүн колдоосунда уюштурулду.
Жери/күнү, спектаклдин башталышы саат 11:00:
- 19-июнь, Раззаков,
- 20-июнь, Баткен,
- 21-июнь, Гүлчө,
- 22-июнь, Дароот-Коргон,
- 23-июнь, Сузак,
- 24-июнь, Кербен,
- 27-июнь, Токмок,
- 28-июнь, Балыкчы,
- 29-июнь, Каракол,
- 30-июнь, Чаек,
- 1-июль, Нарын,
- 2-июль, Кара-Балта,
- 3-июль, Талас,
- 4-июль, Бакай-Ата.
Пикир
Оставить комментарий