• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кимде меджардам алуу боюнча маселе жаралса, 118 номерине чалса болот – Саламаттык сактоо министрлиги

Ден соолук 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында блокпостторду өтүүгө уруксат кагазынын жоктугунан айрым дарыгерлер жумушка келе албай жатат деген маалыматты төгүндөдү.

Министрдин орун басарына жаңы төрөлгөн ымыркайлар адистердин кароосунан өтө албай жатат, анткени блокпостторду өтүүгө уруксат кагаздары жок болгондуктан дарыгерлер жумушка келбей жатат, ошондой эле ымыркайларга МРТ жана башка изилдөөлөрдү жасоо үчүн бейтаптар дагы уруксат кагаздарын ала албай жатат деп даттанышкан.

“Төрөт үйлөрүндө адистер иштеп жатат. Кеңеш алуу боюнча бардык арыздар менен силер биздин ыкчам байланыш аркылуу кайрылууңуздар керек. Ал эми уруксат кагаздары боюнча айтсак, биз бардык адистерди уруксат казагдары жана транспорт менен камсыздадык. Эгер андай учурлар болуп калса, алар бизге кайрылсын, мүмкүн биз аларды сиздердин үйлөрүңөргө жөнөтөбүз”, - деди ал.

Каратаев баса белгилегендей, жарандарда медициналык жардам алуу боюнча маселе жаралса, анда алар 118 кыска номерине кайрылса болот.

Пикир

Оставить комментарий