Киреше салыгы үчүн республикалык бюджет дефицитке учурабайт - Азимов

Экономика 0

Бишкек, 07.03.19. /Кабар/. Киреше салыгын жергиликтүү бюджетке өткөрүп бергенден кийин республикалык бюджет дефицитке учурабайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов билдирди.

"2019-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгып, 2020-2021-жылдарга карата божомолдорду түзүп жатканда баардык каражаттар талданып, караштырылып чыккан. Киреше салыгынын ордун толтуруу үчүн республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн арттыруу жана чыгашаларын азайтуу чаралары көрүлөт", - деди министрдин орун басары.

Тактап айтканда, кирешелер көбөйтүлүп, зарыл эмес чыгашалар кыскартылат. Азимовдун айтымында, анын аркасы менен дефицитти 2018-жылдын деңгээлинде кармап турууга жана аны жылдан-жылга азайтууга болот.

Пикир

Оставить комментарий