• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолуна кар көчкү түштү

Кырсык 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 16-февралда эртең менен саат 11:30 чамаасында Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 101-102 км бөлүгүнө кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда №27 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазаланып жатат. Көчкүнүн көлөмү 2350 м3 түзөт. Азыркы учурда каттам убактылуу жабык.

Эскерте кетсек, бүгүн 2024-жылдын 16-февраль күнү эртең менен саат 9:30 дан баштап Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан аба-ырайынын шарттарына байланыштуу жолду көчкүдөн жана кардан тазалоо жумуштарынын аткаруу үчүн Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 38-101 км аралыгындагы Чапчыма ашуусу жана Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-4 км аралыгы убактылуу жабылган.

Пикир

Оставить комментарий