Кирпичный – Саруу – Жууку унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Кирпичный – Саруу – Жууку унаа жолуна асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти.

Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл филиалынын жолчулары иштөөдө.

Белгилей кетсек, аталган жолдо жер иштери эки жума мурда, ал эми асфальт жаткыруу 3-майда башталды. Быйыл Кирпичный-Саруу-Жууку унаа жолунун 4 чакырымын оңдоо каралган.

Жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.

Пикир

Оставить комментарий