• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Китепканалардын базасында балдарды өнүктүрүү борборлору түзүлөт

Билим 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Китепканалардын базасында балдарды өнүктүрүү борборлору түзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, бүгүн билим берүү министри Каныбек Иманалиев менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Меморандум балдарды мектепке чейинки билим берүү программалары менен камтууну кеңейтүүгө жана китепканаларды өнүктүрүүгө багытталган.

Билим берүү жана илим министрлиги балдарды окутуу жана өнүктүрүү программаларын иштеп чыгып, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча семинарларды уюштурат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Балдарды өнүктүрүү борборлорун түзүү үчүн китепкана имараттарын берет.

Пикир

Оставить комментарий