Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россиялык «News.ru» маалымат порталына Бакуда өткөн БУУнун COP29 климаттык конференциясынан кийин кеңири маек берди.
Ал өз маегинде дүйнөдөгү болуп жаткан климаттык өзгөрүүлөр, анын өлкөлөргө берген таасирлеринин негизинде, мамлекеттер ортосундагы саясий-экономикалык мамилелер кандай нукта жүрүшүн, кандай өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатканы жөнүндө кенен токтолуптур.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан экология жаатында алгылыктуу аракеттерди жасап келет. “Жашыл экономика” программасын кабыл алып, адамдарды жаратылышка аяр мамиле жасоого үндөп, айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого чакырып, жаратылыш ресурстарын жана өндүрүлгөн продукцияны сарамжалдуу пайдалануу аркылуу калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга бардык аракеттер жасалып жатат.
Эдил Байсаловдун айтымында, мына ушул иштердин алкагында, климаттын өзгөрүшү Кыргызстанды жаңы Швейцарияга айлантат. Кыргызстан экинчи Щвейцария болот деп туңгуч президент Аскар Акаев айткан эле. Бирок, 30 жыл бою Кыргызстан табияты менен гана Щвейцарияга окшоп келген.
“Кыргызстан - Азиянын Швейцариясы. Бул тууралуу ар дайым айтылып келген, бирок биз түптөлгөнүбүздүн алгачкы 30 жылын жоготтук. Садыр Жапаров Кыргызстанды туруктуу өнүгүү жолуна алып чыкты. Биздин алдыбызда аман калуу же эптеп күн өктөрүү маселеси жоюлду. Биз кийинки доордо жөн эле жакшы эмес, бакубат жашайбыз деген улуу улуттук кыялды жар салдык”,- дейт министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.
Ал эми Россия менен болгон экология маселеси боюнча кызматташтык жөнүндө Байсалов мындай деди: “Биз үчүн эң маанилүү маселе – бул тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн глобалдык темасы. БУУнун Башкы Ассамблеясынын бир нече резолюциялары кабыл алынды жана биз тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык милдеттенменин ортосунда турабыз. Акыркы этапта 2027-жылы Бишкекте экинчи дүйнөлүк тоо саммитин өткөрөбүз.
Россия салттуу түрдө дүйнөлүк тоо-кен күн тартибин колдойт. Ал тоолордун жана мөңгүлөрдүн климаттык өзгөрүшү боюнча декларациянын долбооруна кошулду. Россия бизди дайыма колдоп келет.
Бизде дүйнөгө көрсөтө турган нерсе бар. COP29дагы Кыргызстандын Улуттук павильону бардык катышуучулардын өзгөчө көңүлүн бурду. Биздин өлкө өнүгүп келе жаткан мамлекет катары, бардык өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөрдүн лидерлигин, жоопкерчилигин жана кызыкчылыктарынын жүгүн өз мойнуна алды. Бул Непал, Бутан, Бангладеш, Түштүк Америка, ошондой эле Африка мамлекеттери. Тоолор маанилүү экосистема катары өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.”, - деди Байсалов.
Албетте, маектин жүрүшүндө маалымат сайттын журналисти Россияда эмгектенген кыргыз жарандары жөнүндө да суроо берди.
Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери кыргыз жарандары Россияга жумушчу күч катары барып жатышат. Бул процесс бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Себеби, биринчиден Кыргызстан менен Россиянын ортосунда башынан эле жылуу жумшак мамиле түзүлгөн. Россия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Экинчиден, 70 жыл бою бир системада, бир СССР деген чоң мамлекетте бир тууган республика катары жашаганбыз. Бүгүн болсо Евразиялык экономикалык биримдикте биргебиз.
“Биз жаш калкы бар республика катары, жумушчу күчүн экспорттой беребиз. Биз үчүн Орусия салттуу рынок болуп саналат. Белгилүү бир мезгилдерде биздин эмгек мигранттарынын 95% Россия Федерациясынын аймагында болушкан. Статистикалык маалыматтарга караганда, акыркы эки-үч жылда бул көрсөткүч азайган. Бирок аны эсептөө кыйын, биз союздук мамлекет болгондуктан, кирип-чыгуубуз эркин.
Адамдар, мисалы, сезондук жумушчулар сыяктуу бир нече жума же ай саякатташы мүмкүн. Айрымдары үй-бүлөсү менен Россия Федерациясына отурукташып калышкан. Алар доктор, мугалим, окумуштуу, профессор болуп иштешет. Биздин мигранттар азыркы орус экономикасынын көптөгөн тармактарына чоң салым кошуп жатышат. Тактап айтканда, тейлөө тармагында – мейманканалар, кафелер ж.б. Кыргыздар Россия Федерациясында ар бир тыйынды укмуштуудай мээнеттин эсебинен таап жатышат. Бул өлкөнүн экономикасына кошкон абдан баалуу салым”,- дейт Эдил Байсалов.
Ошону менен бирге, акыркы мезгилде Россияга кетип жаткан кыргыз жарандарынын саны азайып жатат. Муну Россиядагы миграция боюнча мыйзамга өзгөрүүлөр киргизилгени менен байланыштыруу туура эмес.
“Президент Садыр Жапаров башкарган төрт жыл ичинде биздин бюджет жана мамлекеттик кирешелер үч эсе, ал эми өлкөнүн экономикасы эки эсе өстү. Быйыл 250 миң жумушчу орун түзөбүз деп жатабыз. 10 айда 186 миң иш орунун түздүк. Биздин өлкө өсүүдө.
Өз мекенинде иштеген кыргыздар көбөйүүдө. Экономикабыз үчүнчү жыл катары менен өсүү темпинде баратат. Быйыл ички дүң продукция 9%дан ашык өстү. Кийинки жылы ал 11% болот. Акыркы үч жылда эмгек акы эки эсеге жакын өстү,”- дейт Эдил Байсалов.
Быйыл Кыргызстанда Индия, Бангладеш, Пакистандан келген мигранттар курулуш жана тигүү өнөр жай мекемелеринде иштеп жатканына күбө болдук. Кыргызстан эмгек мигранттарды кабыл алган өлкөгө айланып баратат.
“2024-жылы биз таптакыр жаңы көрүнүшкө туш болуп жатабыз. Мурда бизге студенттер гана келишчү, алар жеткирүү, дагы башка ушул сыяктуу жеңил жумуштарда иштечү. Жазында президентибиз экономика өнүккөн сайын буга даяр болушубуз керек деп айткан. Глобалдык дүйнөдө жана келечектеги глобалдык экономикада биздин арабызда келечекте сырттан келген жүз миңдеген мигранттар жашап калат. Буга чейин бизде Өзбекстандын жарандары гана көп келишчи”,- дейт Байсалов.
Кыргызстан көп улуттуу өлкө. Кыргызстанда өзбек улутунан кийин эле орус улутундагы жарандар көп жашашат. Советтер союзу учурунда орус жарандарынын саны титулдук улуттан кийин турчу. Бирок акыркы мезгилде Кыргызстанга кайтып жаткан мигранттардын арасында орустар дагы келип жатканын белгилейт Эдил Байсалов.
“Россиянын жарандарынын бизге келишин абдан каалайбыз. Жогорку окуу жайларына жүздөгөн мугалимдерди кабыл алып жатабыз. Биз Россиянын илимине жана билимине абдан кызыгабыз. Студенттерге жол көрсөтүү жакшы, бирок өзгөчө так илимдер тармагында бүтүндөй бөлүмдөрдү жандандырып ачкан жакшы. Биз адистерге муктаж болгон тоо-кен тармагын жана жол курулушун активдүү өнүктүрөбүз.
Биздин өлкөдө, өзгөчө Бишкекте жүз миңдеген славяндар жашайт. Республиканын экономикасы кескин төмөндөп, жакыр мамлекетке айланганыбызда, биринчи кезекте улуттук азчылыктар, өзгөчө келечекти көрө албаган жаштар өлкөдөн чыгып кетишкен. Азыр көбү Россиядан кайтып келип, жарандык алып жатышат. Биз аларды тосуп алабыз. Биз тарыхыбызды абдан баалайбыз жана көп улуттуу эл бойдон калгыбыз келет”,- дейт Эдил Байсалов.
Ошондой эле Байсалов орус элинин Кыргызстанга келип жатканынын себебине да токтолуп кетти. Анын бирден бир негизги себеби, Кыргызстандын Конституциясында орус тили расмий тил катары бекитилген. Орус тили өлкөбүздө кеңири жайылган. Көп улуттуу өлкөдө орус тили улуттар жана эл аралык тил болуп калган. Бирок, бир жагынан орус тилинин Кыргызстанда өнүгүп жатканы, кыргыз тилине кедергисин тийгизип жатканын белгиледи.
“Балдарыбыз орусчаны бизге караганда көбүрөк жана жакшырак сүйлөйт. Бул көйгөй. Биз саны аз түпкү элбиз, өзүбүздүн мамлекеттүүлүгүбүз бар экенине карабай, тилибиз жок болуп кетпесин деп коркобуз. Биз үчүн чоң дүйнөлүк тилдерге каршы туруу абдан кыйын. Бул тууралуу кеп кылганда Москвадагы кээ бир достор бизди туура эмес түшүнүшөт. Алар муну көрө албастык менен кабыл алышат.
Биз орус тилин сүрүп чыгаруу жөнүндө сөз кылып жаткан жокпуз. Тескерисинче, биз үчүн орус тили көпүрө, байлык, артыкчылык, билимдин негизги булагы, илимге жана алдыңкы технологияларга жетүү куралы”, - дейт өкмөттүн төрагасынын орун басары Байсалов.
Өнүгүү жолуна түшкөн Кыргызстан, экономиканы өстүрүүгө өлкөдөгү кен байлыктарды иштетет , электр энергиясын чыгарыш үчүн электрстанцияларын курат. Жакынкы беш жылда ИДПнын эки эсеге көбөйүүсү күтүлүүдө. 2050-жылга чейин ИДП 15 эсеге көбөйүп, көлөмүн 200 миллиард долларга жеткирүү боюнча чоң максат бар. Албетте, мунун баарын ишке ашырууга тийиштүү адистер керек болот.
“Россиядан илимий-педагогикалык кадрларды тартуу боюнча программаны иштеп жатабыз. Бул биздин өсүп жаткан экономикабыз — гидроэнергетика, энергетика, тоо-кен жана металлургия үчүн зарыл. Бизде дээрлик Менделеевдин таблицасында камтылган кен байлыктар бар. Мурда суроо-талапка ээ болбогон көп сандагы сейрек кездешүүчү элементтерди ачтык.
Мунай менен газдын доору өтүп жатат. Сейрек кездешүүчү элементтер, жашыл энергия - мунун баары суроо-талапка ээ. Бул маселеде бизге россиялык адистерден башка ким жардам бере алат, тажрыйба, билим жана ноу-хау бере алат?,”- дейт Эдил Байсалов.
Ал эми, финансалык тармактагы кызматташууда Эдиль Байсалов ар кандай көйгөйлөр бар экенин танган жок. Тагыраак айтканда, Россиялык “Мир” картасынын тегерегиндеги суроодо.
“Жеке коммерциялык банктар өздөрүнүн майда кызыкчылыктарды көздөшөт. Мамлекет аларга эч кандай таасир эте албайт, биз аны жөнгө сала албайбыз. Алар үчүнчү даражадагы санкциялардан коркушат. Бирок биз мындай тоскоолдуктарды айланып өтүүнүн жолун таптык. Бизде үчүнчү валюта калбашы үчүн төлөмдөрдү толугу менен рублга которуп жатабыз.
Жакынкы жылдары Кыргызстан каржы хабына айланып, акыркы технологияларды колдонот. Бул жагынан Орусия менен толук өз ара түшүнүшүүбүз бар,”- деп белгиледи ал.
Жалпысынан караганда, биздин республикабыздын өкмөтү өзүнүн ишин дүйнөлүк өзгөрүүлөргө ылайыктап, азыркы замандын чакырыктарына татыктуу жооп табуу үчүн гана эмес, андан пайда алып, мамлекетти чыңдоо үчүн чоң иштерди жасап жатат. Евразиянын кесилиш жолунда жайгашкан Кыргызстандын алдындагы келечеги кең. Себеби, кооз жаратылышы менен кошо өлкө кен байлыктарга бай. Тең ата сүйлөшкөн өнөктөш мамлекеттерди көмөгү менен өнүккөн, күчтүү мамлекет боло алат.
Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий