• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

«Кабар» МАБ: Коопсуздук кеңешинин отуруму. Өлкө өзгөчө абалдан чыгууга даярданууда

Аналитика 0

Акыркы айда көптөгөн иш-чаралардын, жыйындардын жана форумдардын күн тартибинде турган негизги тема - коронавирустук инфекциянын жайылуусу жана пандемия болууда. Күн мурун дал ушул теманын тегерегинде Коопсуздук кеңешинин отуруму өттү. 28-апрелде Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бир катар мамлекеттик орган өкүлдөрүн угуп, кырдаалга көз чаптырып, өлкө өзгөчө абал режиминен кантип чыга тургандыгы жөнүндө сөз кылды.

Сандар айтып тургандай апрель айынын ортосунан тарта өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жакшырууда. Дарттан айыккандардын саны жогорулап, инфекция жуктуруп алгандардын саны төмөндөөдө. 28-апрелге карата 708 адам коронавирус жуктурса, 416 бейтап айыккан.

Бирок оң тендецияга карабастан, бир сааттын ичинде эле карантинди алып салып, кадимки жашоого кайтуу мүмкүн эмес экендигин түшүнүү керек.

Коопсуздук кеңешинин отурумунун жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов азыркы кырдаал тууралуу баяндамаларды айтышып, өзгөчө абалды 10-майга чейин узартуу максатка ылайык экендигин белгилешкен.

Бирок, айта кетүүчү жагдай, өзгөчө абал режими бир гана Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда узартылат. Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

«Өкмөт, бардык мамлекеттик органдар, Коопсуздук кеңеши тарабынан сунушталган тийиштүү антикризистик иш-чараларды улантуусу зарыл. Планга өзгөртүүлөрдү киргизгенде, комендатуралардын, жергиликтүү бийликтин бизнеске жеңилдиктерди берүүгө тиешелүү сунуштарын, ой-пикирлерин эске алуу керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле кечээ өлкөдөгү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун үч этаптуу жол-жобосу иштелип чыкты. Ага ылайык, 1-майдан тарта жарандардын бир бөлүгү өз иштерине кайта алышат.

2020-жылдын 1-майынан тарта уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн тизмеги:

1. Өнөр жай жана өндүрүш чөйрөсү:

2. Курулуш чөйрөсү:

3. Транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсү:

4. Жеке жана мамлекеттик нораиустардын кызмат көрсөтүүлөрү.

5. Соода чөйрөсү:

6. Чач тарачтар жана салондордун (алдын ала жазылуу боюнча өзгөчө чач кыркуу, чач боео жана жасалгалоо) кызмат көрсөтүүлөрү.

7. Уюшулган таксомотордук кызматтардын кызмат көрсөтүүлөрү (2ден ашык адам салбаганда).

2020-жылдын 11-майынан тарта өзгөчө экономикалык ишмердүүлүктүн төмөнкү түрлөрүнө уруксат берилет:

1. Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү:

2. Калкты тейлөө кызматтары:

3. Соода чөйрөсү:

4. Транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсү.

2020-жылдын 21-майынан баштап өзгөчө абал режиминде төмөнкү экономикалык ишмердүүлүк түрлөрүнө уруксат берилет:

1. Калкты тейлөө борборлору (КТБлар).

2. Калкты тиричиликтик жактан тейлөө борлорлору:

3. Соода-сатык чөйрөсү:

4. Менчик (жеке) репетиторлордун кызмат көрсөтүүлөрү.

5. Менчик үй-бүлөлүк мончолордун жана СПА-борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү.

Азыр инфекциянын экинчи толкунунун кесепеттерин алдын алуу же азайтуу керек экендигин түшүнүү керек. Вирус кайра кайтып келген көптөгөн шаар жана өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөтүп тургандай, бул эртеби же кечпи болот. Ошондуктан да мурдагыдай эле коопсуздук чараларын жана аралыкты сактап, колду тез-тезден жууп, топтошуп чогулбоо керек.

«Ишин кайрадан баштай турган экономиканын объектилеринде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо абдан маанилүү. Бул багытта жергиликтүү бийлик, Саламаттык сактоо министрлиги, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция менен өз ара тыгыз иш алып барышы зарыл. Ишканалардын жетекчилерине өзгөчө жоопкерчилик тагылат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков күн мурун өткөн Коопсуздук кеңешинин отурумунда.

Бирок, белгилүү бир жеңилдиктер бар. Мисалга, экономикалык чөйрөнүн иши кайра жанданганына байланыштуу блокпосттордун саны кыскартылат.

Андан тышкары, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата массалык иш-чараларды өткөрүү маселеси да көтөрүлдү. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу салтка айланып калган «Өлбөс полк» акциясы да өтпөй турган болду. Бирок, аталган иш-чараны онлайн форматта өткөрүү сунушталып жатат. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана тылдын катышуучуларына, өткөн жылдардагыдай эле, өзгөчө көңүл бөлүнөт, президенттин айтуусунда, жалпыга маалымдоо каражаттарында Улуу Жеңишке арналган долбоорлор кеңири чагылдырылат.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтылган негизги тезистер:

Мурдагыдай эле төмөнкүлөрдү өткөрүүгө тыюу салуу күчүндө калат:

— бардык массалык иш-чараларды өткөрүүгө;

— ишкердик субъекттер үчүн товарларды ташуу учурларын кошпогондо, ооруну жуктуруп алууга көбүрөөк кабылган облустардын, ири шаарлардын жана калктуу конуштар арасында жарандардын жүрүүсүнө;

— өзгөчө кырдаал режими алынып салынганга чейин Кыргыз Республикасынын аймагына чет элдик жарандардын кирүүсүнө.

Өкмөткө сунушталды:

Ошону менен катар Өкмөткө төмөнкүлөр сунушталды:

— өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмесин кеңейтүү боюнча план-графигин 2020-жылдын 30-апрелине чейинки мөөнөттө бекитүү;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирилген кесепеттерди азайтуу боюнча 2020-жылга биринчи кезектеги чаралар планын ишке ашырууну улантуу;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономиканын тармактарын жана ишкердик субъекттердин ишин калыбына келтирүү жана камсыз кылуу боюнча 2020-жылга финансылык жана фискалдык чаралардын кошумча планын иштеп чыгуу жана бекитүү;

— кризистен кийинки өнүгүүнүн жана экономикадагы түзүмдүк реформалардын узак мөөнөттүү чаралар пакетин, анын ичинде зарыл болгон программаларды, пландарды жана укуктук-ченемдик актыларды даярдоо.

Ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катап сунуштар айтылды.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий