• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Климаттын өзгөрүшүнө каршы бирге күрөшүү зарыл – Жамин Акималиев

Коом 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Жалпы адамзатка таасири чоң эки-үч маселенин бири бул климаттын өзгөрүүсү жана глобалдык жылуулук саналат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Улуттук илимдер академиясынын академиги Жамин Акималиев билдирди.

Анын айтымында, климаттын өзгөрүшү башка өлкөлөргө салыштырмалуу Борбор Азия өлкөлөрүндө көбүрөөк байкалууда. Анын кесепетинен Кыргызстанда мөңгүлөр ээрип, азайып, айрымдары жоголуп бара жатат.

“Кийинки 70 жылдын ичинде Кыргызстанда 16 пайыз мөңгү ээрип жоголду. Ал эми ушул кылымдын аягында мөңгүнүн 80 пайызы жоголуп кетиши ыктымал. Мөңгүлөрдүн азайышы менен Орто Азия, дегеле дүйнөдө азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралышы мүмкүн. Себеби, суу болбосо айыл чарбасы аксап калат. Президент Садыр Жапаров БУУнун Келечек саммитинде сүйлөгөн сөзүндө климаттын өзгөрүшү, жылышы менен байланыштуу глобалдык маселени жалгыз эле бизге таштап койбостон, жалпы эл аралык каржы уюмдары да моюнуна алыш керек экендигин айтты. Ошонун ичинде Борбор Азияда турган Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан өлкөлөрү, эл аралык каржы уюмдар, БУУнун тийиштүү органдары жаратылыш кырсыктары менен күрөшүүдө өздөрүнүн жардамын берүүгө милдеттүү деген маселе коюлду, бул абдан туура деп эсептейм. Анткени, климаттын өзгөрүшүнө каршы бирге күрөшүү зарыл”,- деди Акималиев.

Окумуштуунун пикиринде, климаттын өзгөрүшүнө таасир берүү көп иштерди камтыйт. Аларга - атмосферага зыяндуу заттарды чыгарууну азайтуу, экологиялык жактан таза, кайра калыбына келүүчү энергия булактарын колдонуу, биологиялык ар түрдүүлүктүү сактоо, мисалы бактарды көп тигүү, жайыт жерлерди туура пайдалануу сыяктуу маселелер кирет.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өткөн Келечек саммитинде сөз сүйлөп, дүйнөлүк коомчулук көптөгөн кыйынчылыктарга туш болуп жатканын белгилеген. Мамлекет башчысы аларга аргасыз мигранттардын санынын өсүшү, климаттык коркунучтардын күчөшү, ошондой эле ресурстардын жана байлыктардын адилетсиз бөлүштүрүлүшү кирерин айткан.

Пикир

Оставить комментарий