• 87
  • 90.41
  • 0.84

ӨКМ: Жумгалдагы дайынсыз жоголгон жаранды издөө иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 2-мартта Жумгалдагы дайынсыз жоголгон жаранды издөө иштери улантылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 24-февралда Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну 1966-жылы туулган Э.Т. аттуу эркек киши үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

"28-февралда жоголгон жарандын туугандары Жумгал суусунан издеп берүү арызы менен ӨКМге кайрылган. 1-март күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн 6 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 35 адам жана ички иштер органдарынан 4 кызматкер тартылып, саат 17:30да издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бүгүн, 2-мартта издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий