• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Өзгөчө кырдаалдар министри Чолпон-Атанын сел агып өтүүчү каналын бекемдөөнү тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 06.08.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Чолпон-Атанын сел агып өтүүчү каналын бекемдөөнү тапшырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Бообек Ажикеев Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов менен биргеликте, Чолпон-Ата шаарында кыска мөөнөттө нөшөрлөгөн жамгырдан жүргөн кыяндын кесепеттерине жана шаардагы абалга көзөмөл жүргүздү

Министр Тогуз-Булак каналынын сел суулары ташыган тилкелери менен таанышып, мындан аркы селдин алдын алуу максатында каналдарды бекемдөө чараларын аткарууну жергиликтүү бийликке тапшырды.

Учурда шаар аймагын абалды көзөмөлдөө жана Бижиай районундагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн ӨКМдин Ысык-Көл району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 25 куткаруучу 2 мотопомпа, Жарандык коргонуу кызматынан 2 экскаватор тартылды.

Пикир

Оставить комментарий