Ошто июнь окуясы эскерилди (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 10.06.18. /Кабар/. Бүгүн, Ош шаарында 2010-жылы болуп өткөн каргашалуу июнь окуясында каза болгондор, дайынсыз кеткендер эскерилип, “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексинде митинг-реквием болду. Ага КРнын биринчи вице- премьер-министри Кубатбек Боронов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, окуя учурунда каза болгондордун, дайынсыз жоголгондордун жакындары катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын алкагында “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексине гүл чамбарлар коюлуп, окуяда көз жумгандарга багышталып куран окулду.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев июнь окуясы сабак болуп, учурда ар улуттун өкүлдөрү жашаган шаарда этностук тегине карабастан ынтымак менен ырашкерчиликте жашап жатышкандыгын баса белгиледи.

КРнын биринчи вице- премьер-министри Кубатбек Боронов айрым бир күчтөр өз кызыкчылыгы үчүн улуттардын ынтымагына чок салып, кайгылуу окуя болгон. Бирок эл аны түшүнүп, учурда биримдикте жашап жатышат жана бийлик тарабынан болгон камылгалар көрүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Андан соң, КРнын биринчи вице- премьер-министри баш болгон бийлик өкүлдөрү жабыр тарткандарга берилген үйлөргө барып, элден кабар алып, каза болгондорго куран түшүрүп кайтышты.

Пикир

Оставить комментарий