• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кызыл-Кыяда селге байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди. ӨКМ башчысы жеринде

Кырсык 0

Бишкек, 19.06.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 18-июнда нөшөрлөгөн жаандан улам Кызыл-Кыя шаарында сел жүрүп, 24 турак үйдүн короосун, 17 турак үйдүн ичин жана жертөлөсүн, социалдык объекттердин короолорун суу каптаган.

Учурда сел сууларынан тазалоо иштерине ӨКМден жалпы 117 куткаруучу тартылып, жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев шаар калкы менен жолугушуп, жергиликтүү элдин суроолоруна жооп берүү менен, тиешелүү чаралар кабыл алынгандыгын билдирди.

Белгиле кетсек, катуу жааган жаандан кийин шаарда "өзгөчө кырдаал" режими киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий