• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сузакта жер көчкү жүрдү

Кырсык 0

Бишкек, 12-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 11-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагындагы Үч-Малай айылында көлөмү 7500 м3 көчкү жүрүп, турак жайларга 50 метр жетпей токтогон. Кыйроолор жана жабыркагандар жок. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Мониторинг департементинин башкы адиси, КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башкы адиси, айыл-аймак тарабынан ЖК комиссиясы.11-апрель күнү Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада 1 турак жайда эч ким жашабагандыгы аныкталып, андан сырткары 1 турак үйдүн жашоочуларына коопсуз жайга көчүп чыгуу жөнүндө эскертме берилген. Ал эми жер көчкүдөн 150 метр алыстыкта жашаган 1 турак жай, айыл аймак тарабынан көзөмөлгө алынган.

Пикир

Оставить комментарий