Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Баткендин аймагында дезинфекция иштери уланууда.
Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, күн мурун, 23-июль күнү Баткен, Кызыл-Кыя шаарларында дезинфекциялоо иш-чаралары жүргүзүлгөн.
"Иш-чаранын жүрүшүндө базарларда, дүкөндөрдүн айланасындагы жолдордо, көчөлөрдө, эл көп чогулган жайларда жалпы 19 000 погондук метр аянт жолго 40 литр хлор сууга аралаштырылып чачылды", - деп билдиришти ӨКМден.
Пикир
Оставить комментарий