• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нурдинов: Ошто өткөрмө кагаздарын өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланган 10 факты катталды

Аймак 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Ошто өткөрмө кагаздарын өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланган 10 факты катталды. Бул тууралуу Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Ал маалымдагандай, 10 жарандан өткөрмө кагаздары кайтарып алынды.

"Буга чейин элди дары-дармек, азык-түлүк жана айыл чарба, айдоо жерлерине керектүү каражаттар менен убагында камсыз кылып, жеткирип берүү максатында өткөрмө кагаздарын көпчүлүк айдоочуларга жана жарандарга бергенбиз. Алардын арасында өткөрмө кагаздарын өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланган 10 адамдан өткөрмө кагаздарын кайтарып алдык", - дейт комендант.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

7-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 228ге жетти. Алардын ичинен илдеттен 23 адам айыкты жана коронавирус жуктуруп алган 4 жаран каза болду.

Пикир

Оставить комментарий