• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында “Элден-элге” кайрымдуулук жарманкеси өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “Элден-элге” кайрымдуулук жарманкеси өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы Кайрымдуулук борборунда муктаж адамдар үчүн атайын бөлмө уюштурулган.

Бүгүн аталган борборго социалдык жактан аз камсыз болгон муктаж жарандар келип, кийим-кече, балдар үчүн оюнчуктарды жана үй-тиричилик буюмдарын алып кетишти.

Аталган борбор мүмкүнчүлүгү бар инсандарды колдонууга жарамдуу буюмдарын алып келип тапшырса болоорун билдирет.

Пикир

Оставить комментарий