• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тогуз-Тородо милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймак 0


Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Тогуз-Тородо райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдама унаасы менен район аймагында профилактикалык жумуштар улантылууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер Атай айыл аймагын аралап, жергиликтүү тургундардын арыз-даттанууларын да кабыл алып жатышат. Алар мал уурулуктарын болтурбоо үчүн ар бир жаран өз карамагындагы мал-жандыктарына көзөмөл салуу керектигин эскертишүүдө. Ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алууда кайдыгер карабастан, кандай гана терс көрүнүштөр орун алса милицияга билдирип, тыгыз кызматташууга үндөшүүдө.

Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагынын тургундары бул унаа менен болгон кыдыруулар оң таасирин тийгизип жатканын белгилешти. Алар милициянын учурда аткарып жаткан жумуштарын алкоого алышып, кызматкерлердин иштерине ийгиликтерди каалашты.

Эске салсак, Тогуз-Торо РИИБдин милициянын көчмө кабылдама унаасы өткөн жыл ичинде 92 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 122 жарандан ар түрдүү мазмундагы кайрылууларды кабыл алган. Алардын ичинен 112 кайрылуу чечилген.

Пикир

Оставить комментарий