• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

ӨКМ: Бийик тоолуу ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

Коом 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күндүн жылышына байланыштуу ашууларга кар көчкү түшүү коркунучу жогору экенин эскертет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2023-жылдын 24-мартынан 27-мартына чейин абанын температурасынын жогорулашына, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чак. (Төө-Ашуу ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чак. (Чоң-Ашуу ашуусу) жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чак. (Сөөк ашуусу), 60-94 чак. (Кара-Гөө ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Белгиленгендей, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий