Бишкек, 15.08.19. /Кабар/. Бишкекте 7 жашар баланын колуна тосмонун учтуу темири сайылып калган.
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жал кичи районундагы №80 үйдүн жанында 7 жашар баланын колуна темир тосмонун учтуу темири сайылып калган.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, баланын колунан темирди чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Пикир
Оставить комментарий