• 88.68
  • 95
  • 0.95

4-августка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 31-июлдан 4-августка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 31-июлда эртең менен, күндүз жана 1-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 1-августта күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

2-августта Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

3-августта кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-августта түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 31-июлда жана 1-2-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 31-июлда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

1-августта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 2-августта жана 3-августта түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

3-августта күндүз жана 4-августта жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 31-июлда 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 31-июлда эртең менен жана күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

1-августта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

2-августта түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

3-августта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 31-июлда жана 1-2-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 31-июлда эртең менен, күндүз жана 1-3-августтарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар күтүлөт.

1-августта күндүз жана 2-августта кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

4-августта түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтулбөйт. 31-июлда күндүз жана 1-3-августтарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

4-августта түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 31-июлда күндүз жана 1-3-августтарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 31-июлда эртең менен, күндүз жана 1-2-августтарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 1-августта күндүз жана 2-августта кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

3-4-августтарда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 31-июлда жана 1-3-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий