• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Эдил Байсалов социалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 17-октябрда Бишкекте Кыргызстандын социалдык кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, эмгек министри Гүлнара Баатырова, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев, К.Карасаев атындагы БМУ ректору Абдылда Мусаев, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, республиканын бардык региондорундагы социалдык кызматкерлери катышты.

Байсалов өз сөзүндө президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинети социалдык камсыздоо тармагына болуп көрбөгөндөй көңүл буруп жатканын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, чоңдорду жана майып балдарды, улгайган жарандарды колдоо дайыма көңүл борборунда турарын белгиледи.

Эмгек министри Гүлнара Баатырова бүгүнкү күндө 914 социалдык кызматкер 5,8 миңден ашуун кары-картаңдарды жана майыптарды үйүндө тейлеп жатканын белгиледи.

"Социалдык камсыздоо системасы бир орунда турбайт, биз кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын тынымсыз жакшыртып, алардын спектрин кеңейтип жатабыз. Социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүктү жеңилдетүү үчүн санариптик технологиялар киргизилүүдө", - деп баса белгиледи ал.

Иш-чара ЮНИСЕФ, “Улуттук Кызыл Ай Коому” КБ, ЮНФПА, КР социалдык кызматкерлеринин Ассоциациясы сыяктуу эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын колдоосу менен уюштурулуп, анын жүрүшүндө бир катар социалдык кызматкерлерге ардак белгиси жана ардак грамоталар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий