• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Транспорт министрлиги: Ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларга айып салынууда

Коом 0

Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулар айыпка жыгыларын эскертет.

Ведомство жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө максатында көзөмөл күчөтүлүп, текшерүү иштери үзгүлтүксүз уланып жатканын билдирет.

Алсак, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда жайгашкан “Дыйкан” транспорттук-көзөмөл пунктунда бүгүнкү күнгө чейин тартип бузган айдоочуларга 731 миң сомго айып пул жана жолго келтирилген зыяндын ордун толтуруу жыйымы салынган. Күнү-түнү иштеген пункттун жанында атайын автоунааларды токтотуучу жай да уюштурулуп, белгиленген ченемден ашык жүк жүктөгөн айдоочулардын андан ары жүрүүсүнө тыюу салынууда.

Мындан тышкары, айдоочулар ашыкча жүк жүктөп чыккан мекеме-ишканалардын ээлерине атайын эскертме кагаздар берилип жатат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларга (жеке жактарга) 17 миң 500 сом, юридикалык жактарга 55 миң сом айып пул салынат.

"Өлкөнүн өнүгүшү үчүн стратегиялык, социалдык, экономикалык мааниге ээ болгон Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу аркылуу көмүр ташыган айдоочуларды жана тиешелүү мекеме-ишканаларды жолдун талкаланышына жол бербөө максатында мыйзам талаптарын так сактоого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий