• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Украинада кыргызстандык мекендештер Эгемендүүлүк күнүн белгилешти

Коом 0

Бишкек, 02.09.19. /Кабар/. 31-август – КР Эгемендүүлүк күнүндө Кыргызстандын Украинадагы элчилиги кыргыз диаспорасы менен биргеликте майрамдык иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгын жана "Мамлекеттик тил тууралуу" мыйзамдын 30 жылдыгын майрамдоого арналып чакан концерт уюштурулуп, манасчы Саякбай Каралаев тууралуу тартылган "Саякбай" тасмасы көрсөтүлгөн.

Аны менен катар элчилик кыргыз диаспорасы арасында кичи футбол, үстөл тенниси, аркан тартыш боюнча жарыштарды өткөргөн.

Мелдештин жеңүүчүлөрү менен байгелүү орунду алгандарга сыйлыктар, баалуу белектер берилген.

Пикир

Оставить комментарий