• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ӨКМ: Чүй облусунда табигый кырсыктардан 240 кожолук, 102 га ашуун айдоо жерлер корголду

Аймак 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Чүй облусунда табигый кырсыктардан 240 кожолук, 102 га ашуун айдоо жерлер корголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери табигый кырсыктардан 240 турак жай, 102 га айдоо жер, 20 ЛЭП, 1 мончо, 1 от жагуучу жай, 1 трансформатор, 1 мектеп, 1 ички чарбалык жол корголду.

"Эскерте кетсек, буга чейин өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ӨКМдин негизги милдети болгон табигый кырсыктарды алдын алуу иштери өз убагында жүрүүсү боюнча тиешелүү башкармалыктын жетекчилерине тапшырма берген. Мерчемделген объектилердин арасынан эң оорчунду жана кечиктирилгис жумуштар аткарылышы зарылчылыгы бар объектилерде жумуш жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий