• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

ӨКМ иске уулануунун алдын алууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Адамдар автоунаадан чыккан газдан, турмуш-тиричилик газ буюмдарынын иштен чыгуусунан, мордун туура эмес түзүлүшүнөн пайда болгон өрттөн чыккан истен ууланышы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин пресс-борбору кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, уулуу көмүртек кычкылынын же истин түсү жана жыты жок, бирок аны менен уулануу өтө кооптуу.

Ал эми уулануунун негизги себептери катары мештерди жылытуу эрежелеринин бузулушу, эшиги жакшы жабылбагандыгы, от жагуучу жайда таза абанын жетишсиздиги, мордун туура эмес иштеши, ал тургай мештеги жаракалар да кайгылуу окуяга алып келиши мүмкүн. Адам организмине кирген көмүртек кычкылынын көлөмүнө жараша уулануун белгилери бири-биринен кескин түрдө айырмаланат.

Уулунун белгилери – баш ооруйт, кулак чуулдап, көз караңгылайт, кургак жөтөл, кусуу, эстен тануу. Андан да кооптуусу – өлүм менен коштолоорун дарыгерлер айтып келишет.

ӨКМ белгилегендей, ууланган адамга төмөнкүдөй жардам көрсөтүү зарыл:

- аны таза абага алып чыгуу же кычкылтектүү масканы колдонуу;
- бөлмөлөрдү желдетүү, терезе-эшиктерди ачуу;
- жабырлануучунун дем алуу жолдорун бошотуу (галстугун, көйнөгүн чечүү), адамды капталынан жаткыруу;
- анын акы-эси жайында болсо, таза абага тез арада чыгаруу, нашатырь спиртин жыттатуу, кыска мөөнөттүү ингаляцияны камсыз кылуу;
- жабырлануучу эс-учун жоготсо, “тез жардам” келгенге чейин дароо жасалма дем алдыруу керек.

Пикир

Оставить комментарий