Бишкек, 29.11.17./Кабар/. Ысык-Атада белгисиз себептерден өрт чыгып, курулуш толугу менен күйүп кетти,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, кечээ, 28-ноябрда болжол менен саат 01:56 чамасында Ысык-Ата районунун Дмитриевка айыл аймагынын “Кыргыз автомаш” дачасындагы №496 жер тилкесинде курулуш вагону күйгөн.
ӨКМден кабарлашкандай, учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Пикир
Оставить комментарий