• 88.68
  • 95
  • 0.95

Исаков «Центерра Голд Инк» компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 29.11.17 /Кабар/. Кечээ, 28 ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков “Центерра Голд Инк.” компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри менен жолукту. Бул тууралу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүму билдирди.

Жолугушуу учурунда биргелешкен кызматташуунун келечеги жана учурдагы абалы талкууланды.

Өкмөт башчы кыргыз тарап ири акционер катары компаниянын туруктуу иштешине жана өнүгүшүнө кызыкдар экенин белгиледи.

“Өкмөт биргелешкен натыйжалуу кызматташтыкка жана “Кумтөр” кенине, ошондой эле компанияда иштеген Кыргызстандык жарандарга жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр” – деди С.Исаков

Премьер-министр «ЦентерраГолд Инк.» менен стратегиялык келишим алкагында жакынкы арада Улуттук онкологиялык борборду заманбап медициналык жабдуу, ошондой эле компания 50 млн. АКШ долларын инвестициялоочу Ысык-Көлдөгү тазалоочу жайларды орнотуу боюнча даярдык иштер башталаарын канагаттануу менен белгиледи.

Сапар Исаков канадалык компания жетекчилигине өлкөдөгү ири социалдык долбоорлорду колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Мындан тышкары, Премьер-министр белгилегендей, “Кумтөр Голд Компани” жогорку жетекчилик курамды кайрадан карап чыгуу жана өлкө жарандарын дайындоо тууралуу КР Өкмөтүнүн сунуштамасын аткарды. Бугүнкү күндө компаниянын беш директорунун үчөө – Кыргызстан жарандары.

«ЦентерраГолд Инк.» компаниянын аткаруучу директору Скот Перри кыргыз тарапты президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүүсү жана жаңы Мамлекет башчынын кызматка киришүүсү менен куттуктады.

Ал «Центерра Голд Инк.». компаниясы менен мамилелерди ырааттуу өнүктүрүүгө багытталган өлкөнүн саясий багытын улантуунун маанилүлүгүн белгиледи.

Скот Перри компания кыргыз тарап менен келечекте кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Центерра Голд Инк.» компаниясын мындан ары өнүктүрүү боюнча чараларды талкуулап, анын активдерин кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий