• 87
  • 90.63
  • 0.79

ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев Кытай элчиси Ду Дэвэнге ыраазычылык билдирди

Коом 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Күн мурун өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кытайдын элчиси Ду Дэвэнди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

ӨКМден билдиришкендей, министр элчиге кыргыз-кытай кызматташтыгынын өнүгүшүнө жана эки элдин достук мамилесинин чыңдалышына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Элчинин колдоосу жана кесипкөйлүгүнүн аркасында Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 100 бирдик өрт өчүрүүчү техника жана эки мобилдүү госпиталь менен камсыз болду. Бул жардам биздин жабдууларды модернизациялап, жарандарыбыздын коопсуздугун бир кыйла жогорку деңгээлде бекемдөөгө шарт түздү. Ду Дэвэнь биз үчүн ишенимдүү өнөктөш эле эмес, Кыргызстандын чыныгы досу болуп калды”, - деп баса белгиледи өз сөзүндө Ажикеев.

ӨКМ башчысы элчиге бекем ден соолук, бакубат жашоо жана мындан аркы ишинде жаңы ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий