• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

24-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 24-октябрда Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Талас облусунда +8...+13, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +9...+14 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаап, абанын температурасы Бишкекте +13...+15, Ошто +14...+16 жылуу болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий