• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Ош облусунда жер титирөө катталды, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматынан.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 23-октябрда саат 21:24тө Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Өзгөн районунун Өзгөн шаарында, Шераалы, Чимбай, Мырза-Арык, Куршаб айылдарында - 3 балл, Тогой, Шоро-Башат, Красный-Маяк, Социализм, Бакмал, Мырза-Аке айылдарында - 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий