Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Бүгүн өлкө аймагында президенттин жетекчилиги астында командалык-штабдык машыгуу өтүүдө.
ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн таң эрте “Айгай” жарыяланып, Жалал-Абад облустук Жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттары “Жогорку даярдык” режимине өткөрүлдү.
6-8-сентябрь күндөрү машыгуунун алкагында бир каттар тиешелүү район, шаарларда кооптуу деп эсептелген аймактарда өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепетерин жоюу иш-чаралары жүргүзүлөрү пландалган.
ӨКМден кошумчалашкандай, жерине атайын кызматтардын күч каражаттарын тартуу менен алдына алуу жумуштары аткарылат.
Пикир
Оставить комментарий