ӨКМ: Өлкөдөгү 150 шайлоо тилкесинде өрт коопсуздугун сактоодогу кемчиликтер аныкталды

Коом 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы шайлоо тилкелеринде өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМдин кызматкерлери республика боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө тилкелерде өрт коопсуздук эрежелери талаптарга жооп бериши керектиги боюнча түшүндүрүү иштерин улантууда.

Бүгүнкү күндө министрлик тарабынан 1 миң 552 шайлоо тилкесинде өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анын ичинен 150 шайлоо участкасында өрт коопсуздугунун эрежелерине туура келбеген кемчиликтер аныкталды.

Ошондой эле 6 миң 631 адамга 1 миң 463 түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, өрттү өчүрүүнү ыкчам чечүүнү камсыз кылуу үчүн 128 өрт өчүрүү планын жана 1 миң картаны жаңылоо жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.

Пикир

Оставить комментарий