• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекке Джузеппе Вердинин «Аида» операсын коюу үчүн Кореядан дирижер келет

Маданият 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. 2021-жылы 4-декабрда А.Малдабаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрында дүйнөлүк классиканын шедеври – Джузеппе Вердинин «Аида» операсы көрсөтүлөт.

Театрдын соцтармактагы баракчасында маалымдалгандай, бул күнү дирижердук пультта белгилүү маэстро Но Тэ Чол (Түштүк Корея) иштейт.

«Рамфистин ролуна Россиянын Чоң таетрынын солисти, Россиянын эмгек сиңирген артисти Павел Черных чакырылган. Анын үнү – жагымдуу, баркыт сымал баритондук тембри – аткаруусундагы ар бир партияга өзгөчө үн берет.

Сахнага белгилүү кесиптештери менен бирге кыргыз операсынын жылдыздары: КР Эмгек сиңирген артисти Гүлнур Ниязбаева (Аида), КР Эл артисти Асел Бекбаева (Амнерис), КР Эл артисти Сталбек Алмасбеков (Радамес), Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бактыбек Ыбыкеев (Амонасро), Нурлан Суймоналиев (падыша), Анжелика Федорова (чиркөө айымы) чыкмакчы», - деп айтылат билдирүүдө.

Маалымат үчүн: Но Тэ Чол Түштүк Кореянын Пусан шаарындагы Донг-А университетинин композиция адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган. Андан кийин Вюрцбургдагы (Германия) жогорку музыкалык мектепте симфониялык дирижер, Линц шаарындагы (Австрия) Антон Брукнер атындагы консерваторияда, Вена музыка жана аткаруу искусство университетинде симфониялык дирижер болуп окуган. Музыкалык билимин Россияда маэстро катары аяктап, М.И. Глинка атындагы Нижегородск мамлекеттик консерваториясында аспирантураны аяктаган.

Маэстро Но Европада Хоф симфониялык оркестринде (Германия) дирижер катары дебют жасаган. Ошондон бери ал 500дөн ашык концерттерди өткөрүп, дүйнө жүзүндөгү жүзгө жакын белгилүү оркестрлер менен кызматташып, 20дан ашык престиждүү музыкалык фестивалдарга, анын ичинде Хантсвилл фестивалына (Канада), Гайдн фестивалына (Венгрия), XXV Москвада Күз майрамы (Россия) катышкан. Дирижер Нижний Новгороддогу «Жаңы музыка» фестивалынын башкы директору болуп саналат.

Ал көп жылдар бою опералык дирижер катары ийгиликтүү иштеп келет. Анын репертуарында көптөгөн опералар, анын ичинде Дж.Вердинин «Риголетто», «Травиата» жана «Отелло», Дж.Пуччининин Турандот жана Мадам Баттерфляй, И.Штраустун «Жарганат» жана башка опералары бар.

Пикир

Оставить комментарий