• 87
  • 91.29
  • 0.84

ӨКМ: Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда

Коом 0

Бишкек, 26.06.23. /Кабар/. Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлүүдө.

Министрликтен белгилешкендей, буга байланыштуу коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий